ХРИСТИАН ЧИРКӨӨЛӨРҮНДӨ ЫЙЫК ИНСАН ИШЕНИМИ

Author :  

Year-Number: 2023-142
Yayımlanma Tarihi: 2023-07-14 12:45:52.0
Language : Diğer
Konu : Felsefe ve Din Bilimleri
Number of pages: 265-281
Mendeley EndNote Alıntı Yap

Abstract

Диндерде ыйык инсандарга ишенимдин орду өзгөчө. Анткени ыйман ээлери ыйык инсандардын өз өмүрүн динге арнаган деп баалашат; динди туура жашап, жайылтып, элге үйрөтүп, керек болсо бул максатта жанын да курмандыкка чалаарына ишенишет. Ошол эле учурда ыйык инсандардын мындай каармандыгына суктанган жана таасирленген динчилдер аларды ар дайым урматтап, алардай болууга жана жашоого аракет кылышат. Ыйык инсандарга багытталган ашыкча урмат-сый көбүнчө аларды жогорку улуу күчтөр сыяктуу кабылдануусуна себеп болгон. Инсан сезимине тийиштүү бул көрүнүштү диндер түрдүүчө маанилендирген. Динге кызмат кылгандарга баа берип, аларга өзгөчө даража ыйгарган диндердин бирөөсү-христиан дини. Бул дин тарых бою өз мүчөлөрүнүн арасынан ишенимине бек, адеп-ахлактык жашоосу жана дин үчүн кылган аракеттери менен алдыга суурулуп чыккан кээ бир инсандарга ыйыктык мартабасын ыйгарган. Ошондой эле алар үчүн майрам күндөрүн белгилеп, аларга дуба кылуу жана алардан жардам суроого уруксат берген. Бирок, христиан чиркөөлөрүнүн көбү ыйык инсандар ишенимин кабыл алышканы менен, кээ бир чиркөө мүчөлөрү башкача ишеним жана ойлорго ээ. Мындайча айтканда, христиан дүйнөсүндөгү айырмачылыктар көптөгөн маселелерде түрдүүлүктү жараткан. Ошондой эле ыйык инсандар ишениминде дагы айырмачылыктарды пайда кылган. Мына ошол негизде христиан дининдеги ыйык инсан ишенимин чиркөөлөрдүн көз карашын эске алып изилдөөнү максат кылдык. Мындай маанилүү маселени талдоонун аталган динди терең үйрөнүүдө салымы чоң экендигин белгилегибиз келди. Алгач ыйык инсанга байланыштуу тирминдерди ачып берүүгө жана аларга карата жасалган аныктамаларды тактоого аракет кылдык. Андан кийин православ, католик жана протестант чиркөөлөрүнүн көз караш жана ишениминде ыйык инсандын ордун өзөзүнчө чагылдырып берүүгө аракет жасадык. Окшоштук жана айырмачылыктарын өзгөчө белгиледик. Изилдөөбүздө камтылган темаларды так чагылдыруу максатында дескриптивтүү (сүрөттөп баяндоо) ыкмасына артыкчылык бердик. Ошого жараша фактыларга, окуяларга объективдүү мамиле жасоого аракет кылдык. Алгач изилдөөбүзгө байланыштуу булактарды жана малыматтарды тактап, анан керектүү анализдерди жасадык.

Keywords

Abstract

Religious elders have a special place in religions. Because people of faith believe that the elders of religion dedicate their lives to their religion; They believe that they live and spread their religion properly, teach people and even sacrifice their lives for this cause if necessary. At the same time, the believers, who were fascinated and deeply affected by such a sacrifice shown by the religious leaders, always respected them, tried to be like them and to live. The excessive love shown has often removed the religious elders from being human beings and caused them to be perceived as some superhuman beings. Religions have determined various positions for this phenomenon, which is caused by people's feelings and behaviors. Undoubtedly, Christianity is one of the religions that gives importance to the elders of religion and gives them a special position. Throughout history, Christianity has elevated some of its members to the rank of saints, who stood out among its members with their faithful and moral life and the sacrifices they made for the sake of belief, set feast days for them, allowed them to pray and ask for help. However, while most Christian Churches accept sainthood as such, some members of the Church may have different beliefs and thoughts. In other words, while the differences in the Christian world caused diversity in many issues, it also triggered differentiation in the subject of sainthood.

Keywords


                                                                                                                                                                                                        
  • Article Statistics